| Главная || Контакты |

 


Табак тартуу

Табак тартуунун да өзүнчө мадантияты бар. Жандык сойгондо жамбаш,
куймулчак, жото жилик, кашка жилик, каржилик, далы катары менен өзүнчө
мааниге ээ болот. Улуулата жамбашты аксакал алса, куймулчак байбичеге
таандык. Андан кийинки сакалдуу адамга жото жилик(чүкөлүү жилик),
кийинкиге кашка жилик туура келет. Кар жилик жолдош жилик деп саналат.
Кабырга да улук деп эсептелет. Чүй, Талас, Ош тарапта баш аксакалдарга
тартылса, Ысык-Көл, Нарын тарапта жаштарга тартылат.

 


Биздин дарек
Бишкек ш. Аламидин-1 40/2
Тел: 0312 93 7777
info@kozu.kg
Design provided by by Bolot